ЖАЛ 2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛ – рельефтин түрдүү жол м-н (эол, аллю­вий, аккумуляция, мөңгүнүн аракети, суу эро­зиясы, дефляция, денудация, гравитация про­цесстеринен) пайда болгон кууш, кыр болуп уза­тасынан созулуп жаткан формасы, жапыз дөң­сөө. Уз. жүздөгөн мден ондогон (жүздөгөн) кмге чейин, салыштырмалуу бийикт. 100–160 мге чейин жетип, адатта аралча түрүндө жайгашат. Ж-дар көбүнчө тасма сымал созулуп, токой м-н капталган. Батыш Сибирдин токойлуу талаа ж-а талаа зоналарында кеңири таралган. Рельеф­тин мындай формалары казак тилинде – «жал», азербайжан, түркмөнчө – «йал», тува тилинде – «чел», халка-моңголчо – «дал», эвенкче – «да­лил», орусча – «гривы» деп аталат. «Ж.» терми­ни көптөгөн оронимдердин (Ак-Жал, Кызыл- Жал, Кара-Жал ж. б.), ойконимдердин (Кадам­жай, Сокулук р-ндорундагы кыштактардын) аталыштарында учурайт.