ЖАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛ (1934-ж. чейин Ак-Буура) – Чүй обл-нун Сокулук р-нундагы кыштак. Орок айыл округу­нун борбору. Деңиз деңг. 816 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 35 км түш.-чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. беке­тинен 9 км. Кыштак 1868-ж. негизделген. Кал­кы 2239 (2007); негизинен дыйканчылыкта, баг­банчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбула­тория, дарыкана, бала бакча, клуб, китепкана, мечит бар. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.