«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ» – жөө жомоктун не­гизинде түзүлгөн турмуштук поэма. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым ва­рианттары басма сөздө жарыяланган. Жомок­баяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жа­лайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдын­да жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын об­разы поэманын бардык варианттарында алдың­кы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, ай­лакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулар­дын алымча-кошумчалары м-н өз алдынча сю­жет катары элдик оозеки чыг-лыктан орун ал­ган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаров­дон ж-а памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Аф­ганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Ж. ж-ды» Реми Дор жазып алган.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Б., 2002. Г. Орозова.