ЖАЛГАНДЫК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛГАНДЫК — философия илиминдеги таа­ным теориясынынын өзөктүү категориялары­нын бири. «Чын жана жалган», «тууралык жана жалгандык» сыяктуу түгөйлөш терминдер ка­тары колдонулат. Күндөлүк турмушта пайдала­нылган натуура, калп деген сөздөрдүн синоним­дери. Этика илиминде Ж. а д е п окуусуна таандык болуп саналат. Ж. турмуштан келип чыккан шарттарга карата жооп катары пайда болгон. Ж. ин-ту жалаң гана терс көрүнүштөр үчүн зыяндуу мааниде гана кызмат кылбастан, о. эле адам акылынын оң фантазиясына, тама­ша-азилдерине, кыялданууларына, көркөм ой чабыттарына, ички дил эргүүлөрүнө оң маани­деги олуттуу ролдорду ойноп келген. Мифтерде, жомоктордо, легендаларда, ар кандай коркунуч­туу айтымдарда Ж-тын түрлөрү кездешет. Кыр­гыз лексикасында «каталык», «жаңылыштык», «адашуучулук» сыяктуу түшүнүктөрдү Ж. м-н чаташтырбай, тескерисинче, алардан Ж-ты айырмалоо зарыл.