ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛПЫ ТИЛ ИЛИМИ – тил илиминин бир бөлүгү; максаты – тилдик кубулуштарды теор. жактан мүнөздөө ж-а аны изилдөө ыкмаларын негиздөө. Ж. т. и. тилди универсалдуу феномен катары анын табиятын, маңызын, жаралышын, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрүн, коомдогу кызматын, башка илимдер м-н болгон катышын, структуралык ж-а социалдык түзүлүшүн изилдейт. Тилди структуралык жактан изилдөөдө ал ар бир конкреттүү тилге тиешелүү ички мыйзам ченеми бар бир бүтүн структура катары каралат; социалдык жактан изилденгенде, тилдин коомдук процесстер м-н байланышы, социалдык ж-а аймактык тарамдалышы, структуралык-стилдик вариациялуулугу ж. б. жактары иликтенет. Дүйнөлүк тилдерге бирдей мүнөздүү жалпы касиеттерди аныктоо ж-а жалпы универсалдуулуктун ил.-теор., методол. негизин, принцип, аспектилерин белгилөө орчундуу маселе болуп эсептелет.