ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМ – ишкана, мекемедеги эмгектик ж-а социалдык-эконом. мамилелерди жөнгө салуучу ж-а жумушчулар, кызматкерлер м-н иш берүүчүлөрдүн ортосундагы жазуу жүзүндө түзүлүүчү документ. Ж. к. менчиктин түрүнө карабастан ишкана, уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүүгө тийиш. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталгандан тартып 2 айдын ичинде Ж. к-дин айрым жоболору башка тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестик токтомун кошо түзүү м-н Ж. к-ге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер кийинки жамааттык сүйлөшүүлөрдүн негизи болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.