ЖАМАЛ КАРШИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАЛ КАРШИ , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – ө. ж. б.) – о. кылымдардагы жети-суулук тарыхчы ж-а акын. Чагатай мамлекетинин борбору Алмалык ш-нда туулган. Вилайетти бийлеген Сугнак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак сарайда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарайлык») аталып кеткен. 1264-ж. Кашкарга кел-
ген, 1282-ж. орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-ж. аралыгында өлгөн) ар. жазылган «Ас-Сурах» сөздүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эмгегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–06). Анда азыркы Кырг-ндын аймагында
өкүм сүргөн Караханиддер мамлекети ж-дө баалуу маалыматтар бар.