ЖАМБЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМБЫ (моңголчо ёмба) – ар кандай салмакта, түрдүүчө өлчөмдө уютулган күмүш.

Анын байкалбаган кыл өтүүчү жылчыктары болгон. Ал соодада нарк өлчөмү, алыш-бериште белек катары колдонулган. Ж-нын бөйрөк Ж. (адамдын бөйрөгүнө окшош), туяк Ж. (майда жандыктардын туягына окшош куюлган), тай туяк Ж., чоң кулак Ж., шаңшур Ж., чочпара Ж. (наркы 100 койго барабар), төө көз Ж., уй көз Ж. (он-
жыйырма койго барабар), кой көз Ж. (беш койго барабар) ж. б. түрлөрү кездешкен. Байлар, бийлер, болуштар, дин ишмерлери, соодагерлер байлыктарын Ж. түрүндө жыйнашкан.