ЖАМГЫР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМГЫР – суу тамчысы түрүндө жер бетине түшүүчү жаан. Ж. адатта муздак тамчылар м-н муз кристаллдарын 0°тан төмөнкү темп-рада кармап турган аралаш булуттардан пайда болот. Булуттагы муз кристаллдары каныгуудан бара-бара чоңоюп, салмагы оордоп, булуттан бөлүнөт. Атм-нын төмөнкү катмарында алар эрип, тамчыга айланат. Майда тамчылардын кошулушу да Ж-дын пайда болушуна көмөкчү. Ал кыска убакытка ж-а узакка созулуп, тынымсыз же мезгил-мезгили м-н жаап, к а р а Ж. (чоң-чоң тамчылуу, кыска мөөнөткө созулган Ж.), а к жаан (майда тамчылуу, узакка созулган Ж.), н ө ш ө р (тамчы тез ылдамдык м-н түшүп, катуу жааган Ж.), ө т к ү н (бат эле жаап өткөн Ж.) болуп бөлүнөт. О. Азиянын түздүктөрүндө ж-а тоо этектеринде Ж. жылдын бардык мезгилинде жаашы мүмкүн; Ж-луу күндөр кар жааган күндөрдөн 2–3 эсе көптүк кылат.