ЖАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАН (гр. psyhe; лат. anima ) – тирүүлүктүн реал­дуулугунун белгиси катары колдонулуп келат­кан түшүнүк; жалпысынан адамдын, жаныбар­лардын психикалык жашоосуна ж-а ички дүйнөсүнө карата тарыхый жактан өзгөрүлүп туруучу көз караштарды туюндурган атама ка­тары мүнөздөлөт; кайсы бир учурда «психика» термининин синоними катары да колдонулат. Ж. түшүнүгү көп маанилүү ж-а мазмуну жагы­нан да ар түрдүү чечмеленет. 1. Д и н д е: денеге эч кандай көз каранды болбогон, материалдуу эмес өзгөчө бир түпбашат (субстанция); адам­дын ж-а жаныбарлардын денесинде (кээде өсүмдүктөрдө) жашап, алар өлгөндө ошол дене­ни таштап (кээде башка денеге өтүп алып), өз алдынча жашай берүүчү өзгөчө бир рухий нер­се.Теисттик диндерде адамдын Ж-ы дегенде бул Кудай жараткан, өлбөс, кайталанбас рух ба­шатын түшүнүшөт. 2. И д е а л и с т т и к ф и­л о с о ф и я д а: өзүнчө бир бөлөкчө жашаган, материалдык эмес башталыш; бирдиктүү дүйнө­башаттын өнүгүшүнүн эң жогорку формасы. 3. М а т е р и а л и с т т и к ф и л о с о ф и я­д а: адамдын ички рухий дүйнөсү, жогорку уюшулган материянын касиети катары анын өздүк аң-сезими. 4. П с и х о л о г и я д а: Инсанга таандык ж-а ага мүнөздүү рухий ка­сиеттердин жыйындысы. 5. К ы р г ы з д ү й­н ө т а а н ы м ы н д а (Теңирчиликте) Ж. дене­бой м-н ойдун, сезим м-н туюмдардын «ээси» ж-а тейлөөчүсү, аң м-н кыялдын рухий угуту (Чоюн Өмүралиев). Исламдын кыргыздарга ки­риши м-н Ж. ж-дөгү түшүнүк «Куранга» ыла­йык келтирилди (Азирейил жан алгыч). Арис­тотелде («Жан жөнүндө» трактат) Ж. – тирүү денеден бөлүнбөс активдүү, максаттуу баштал­ма делет; Декарттын дуалисттик метафизикасы Ж. м-н денени эки бөлөк, өзүнчө турган түпө­зөк катары бөлүп көрсөтөт. Т. Абдылдабеков.