ЖАНАЗА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНАЗА (ар. маркум маанисинде) – кайтыш болгон мусулман адамга багышталып окула турган дуба намаз. Ж. окуу маркумдун күнөөлөрүнүн ж-а кемчиликтеринин кечирилишин кудайдан суранып, жерге берилиши көрсөтүлгөн акыркы мусулмандык зыйнат болуп саналат. Таза жуулуп, кепинделип, табытка салынган маркумдун сөөгү жамаат (даараты бар эркектер гана) алдына жерге коюлат. Ж. окуган имам маркумдун көкүрөгүнүн тушунда кыбылага карап, жамаат имамдын артында тикесинен турушат. Ж. окууда маркумдун ким (эркек, аял, уул бала, кыз бала) экендиги, жаш курагы (жашы өтүп калган, балакатка – «күнөө» жашына жеткен– эркектерге 12 жаш, аялзаты үчүн 9 жаш, балакатка жетпеген же наристе) айтылып, ошого жараша дуба окулат. Шарият шарты б-ча Ж. окулгандан кийин маркумдун сөөгү жерге берилет. Өзүн өзү өлтүргөндөргө, кайырдиндерге, шейит болгондорго Ж. окулбайт.