ЖАНАЛИЕВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНАЛИЕВ Насырынбек (5. 5. 1909, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ак-Жар айылы – 18. 10. 1989, Бишкек) – журналист, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1974). Фрунзе пед. техникумду (1928), КПСС БКнын алдындагы Жогорку парт. мектепти (1953) бүтүргөн. Кырг-н журналисттер союзун түзүүнүн демилгечилеринин ж-а уюштуруучуларынын бири (1957). 1929– 37-ж. комсомолдун Фрунзе шааркомунун биринчи, Өзгөн р-ндук к-тинин секретары, Ош обл. к-тинин бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1929–37), Кырг-н КП БКда инструктор-уюштуруучу (1937–39), «Кызыл Кыргызстан» (кийин «Советтик Кыргызстан») гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, башкы редактор, башкы редакторунун биринчи орун басары (1939–42, 1964–75) ж-а өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1967– 71), «Ардак Белгиси», Улуу Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. А. Түркмөнов.