ЖАНУЗАКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас обл.), Талды-Булак айылы – 1921, Түркстан АССРи, Фергана обл.] – мамл. ж-а коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан ал-

гачкы чекист. 1920-ж. Түрк­стан АССР төрагасынын орун басары болгон. Мерке­деги орус-тузем мектебин аяктап, 1909-жылдан Түрк­стан генерал-губернаторуна жеке жардамчы ж-а котор­мочу болуп иштеген. Ж. кыргыздардын ичинен би­ринчи болуп Россиянын мамл. думасына депутат­тыкка талапкер болгон. Со­вет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бий­ликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жыл­кы көтөрүлүштөгү качкындардын иши б-ча ко­миссиясына төрагалык кылган. 1920-ж. сен­тябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1- конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров м-н чогуу Г. Зиновьев башында турган


Чыгыш иштери б-ча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы б-ча Т. Рыску­ловду колдоп, аны м-н бирдикте Россиянын ку­рамында өзүнчө Түркстан Респ-сын түзүүнү су­нуш кылган. 1921-ж. сентябрда Самаркандда өт­көн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрес­сине катышкан. Ушул конгресстен кийин Ж. совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каран­ды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бий­ликтен кол үзүп, совет бийлигине каршы от­ряддарды уюштурган. 1921-ж. Ж. Анжиян уез­динде Исраил корбашынын тобунда жүрүп, де­кабрь айында кызыл аскерлер м-н болгон уруш­тардын биринде курман болгон. К.Алымкулов.