ЖАҢЫ-АКМАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ-АКМАН – Жалал-Абад обл-нун Базар- Коргон р-нундагы кыштак. Акман айыл округунун борбору. Базар-Коргон суу сактагычына жакын, деңиз деңг. 740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 12 км түш.-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 55 км. Кыштак 1956-ж. негизделген. Калкы 3825 (2007); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Башталгыч мектеп, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ашкана ж. б. иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.