ЖАҢЫ-АЛЫШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢЫ-АЛЫШ – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Жаңы-Алыш айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1050 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 8 км батыш тарапта. Кыштак 1922-ж. негизделген. Калкы 2042 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, мад-т үйү, дарыкана, ашкана бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта кыргыз эл артисти К. Досумбаев, драматург Т. Абдумомунов туулган.