ЖАҢЫ ГВИНЕЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢЫ ГВИНЕ́Я (индонезиялыктардын тилин­де И р и а н) – Тынч океандын батышындагы арал. Чоңдугу б-ча Жер шарында Гренландия­дан кийинки 2-арал. Аянты 829 миң км2 (баш­ка маалымат б-ча 771,9 миң км2). Уз. 2 миң кмден ашык, туурасы 700 кмге чейин. Батыш бөлүгү Индонезиянын (Батыш Ириан), чыгышы Папуа-Жаңы Гвинея мамлекетинин аймагы. Калкы 3 млндон ашык. Аралды жээктей ба­тыштан чыгышты карай бийикт. 5029 мге жет­кен тоолор (Жая чокусу) созулуп жатат, ара­кеттеги жанартоолор бар. Түштүгүн кенен ойдуң ээлейт. Климаты экватордук, субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны тоолордо 4000 ммден ашык. Дарыялары сууга мол (Мамберамо, Се­пик, Дугил, Флай); төмөнкү агымдарында кеме жүрөт. Флорасы м-н фаунасы өтө ар түрдүү, нымдуу тропик токою, бийик тоолуу бадалдар, түштүгүнүн айрым жерине саванналар мүнөздүү. Ямс, жүгөрү, батат, какао ж-а кофе, каучук да­рактары өстүрүлөт, кокос плантациясы бар. Нефть казып алынат. Балык кармалат. Негиз­ги шаарлары: Порт-Морсби, Маданг (Папуа – Жаңы Гвинея), Соронг, Жаяпура (Индонезия).