«ЖАҢЫЛ МЫРЗА»: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
«ЖАҢЫЛ МЫРЗА» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. Айрым божомолдор б-ча анын пайда болушу 15–16-к-га таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөттөлөт. Башкы каарман Жаңыл – баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырдыгы душман м-н кармашта да, жекече сыноолордо да көрүнөт. Дастандын пайда болушуна тарыхый факт негиз болуп, элдин рухий муктаждыгы Жаңыл сыяктуу жаркын образдардын жаралышына шарт түзгөн. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Ы. Абдырахманов ж-а М. Мусулманкуловдун айтуусунда) бар. 1957-ж. өзүнчө китеп болуп чыккан. Ы. Абдрахмановдун варианты «Илим» басмасынан жарык көргөн. «Ж. М.» дастанынын айрым айтуучулары аны тарыхый болгон окуялар м-н байланыштырып, ал образдардын прототиби ж-дө да эскеришет. Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл 16-к-да жашаган деген маалымат бар. Жаңылдын жашаган доорунда «кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, Шырдакбек хан, Үчүкө, Түлкү, Тейиш, анын балдары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган» деп айтылат. Бул маалыматтарга караганда дастандагы каармандардын бир тобу – тарыхый адамдар. Ы. Абдрахманов Жаңылды 17- к-да жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Дастандын сюжетинин негизинде драма (К. Маликов, А. Куттубаев), поэма (С. Эралиев) жазылган.