ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ШТАБЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ШТАБЫ – жапырт кыргын салуучу куралдардан сактануу ж-а алардын кесепеттерин жоюу багытында жарандык коргонуу күчтөрүнө ж-а калкка жетекчилик кылган башкаруу органы. Жарандык коргонууга жетекчилик кылып, керектүү чараларды ишке ашыруу үчүн жарандык коргонуунун респ., крайлык, обл., шаар-райондук штабдары түзүлөт. Ж. к. ш. негизинен жарандык коргонуунун пландарын иштеп чыгат; душмандын кол салуу коркунучу ж-дө калкты, мекемелерди, уюмдарды алдын ала кабарлоо түйүндөрүн, элдин жапырт кырылуудан сактанышын уюштурат ж-а камсыз кылат; эл чарбасынын тиешелүү объектилерин кол салуу кырдаалында үзгүлтүксүз иштөөгө даярдайт. Бул милдеттерди так орундатуу үчүн Ж. к. ш. кол салуу коркунучу туулганда же согуш убагында жарандык коргонуу б-ча кандай аракеттерди жүргүзүү керек экенин күн мурунтан пландайт. Кырг-нда Ж. к. ш-нын милдеттерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу б-ча башкы башкармалыгы аткарат, к. Жарандык коргонуу.