«ЖАРЖАР»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
«ЖАРЖАР» – байыртан түрк элдеринин үйлөнүү тойлорунда обон м-н, кээде айтыштын алымсабак түрүндө, кээде жалгыз киши аткаруучу өзүнчө салт ырлар. «Ж.» ырлары 11 муундуу негизги бөлүктөн ж-а 2 муундуу кайталоодон турат (мис., Асмандагы жылдызды сегиз деңер, жаржар, Сегиз кыздын серкери келди деңер, жаржар, Эки жаштын тилегин берди деңер, жаржар.). «Ж.» ырларынын жанрдык белгилери – жар көрүүдө, тойдо ырдалышы, кыздын төркүндөрү м-н коштошуусу, бала тилөө мотивдеринин болушу, обондуулугу, о. эле «жаржар» деген сөздүн ар бир сапта кайталанышы.