ЖАРЫК ДИФРАКЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫК ДИФРАКЦИЯСЫ – жарык толкунунун жолунда кезиккен тоскоолдукту айланып өтүү ж-а таралуу багытын өзгөртүү кубулушу. Дифракция жаратылыштагы толкундарга тиешелүү кубулуш болгондуктан, Ж. д. жарыктын толкундук касиетинин пайда болуу ж-а геом. оптикага өтүү шарттары м-н тыгыз байланыштуу. Бул кубулушту 17-к-да итал. физик ж-а астроном Ф. Гримальди ачкан. Ал эми Ж. д. теориясын фр. физик О. Френель түзгөн (1816). Бул теория Гюйгенс-Френель принцибине негизделген ж-а жарыктын мейкиндикте таралышын түшүндүрөт. Бирок бул принцип мейкиндиктин ар кандай чекитиндеги жарыктын ургаалдуулугун табууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай кыйынчылыкты Френель зоналык тилкелер ыкмасын колдонуп чечкен. Мис., чекиттик булактан чыккан жарык тешикче (сүрөт а) же тунук эмес тегерек нерсе (сүрөт б) аркылуу өткөндө, экранда жарык ж-а караңгы тегерек сүрөттө-

лүштөр байкалат. Эгер тешикчеге френель зонасынын жуп саны сыйса, дифракциялык сүрөттөлүштүн борборунда кара так, ал эми так сан сыйса, жарык көрүнөт. Көпчүлүк спектр алеттеринин (телескоп, микроскоп) иштеши Ж. д-на негизделген. Лазердин пайда болушу Ж. д-н туура ж-а кеңири түшүндүрүүгө көмөкчү болду.