ЖАСАЛМА БӨЙРӨК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАСАЛМА БӨЙРӨК , г е м о д и а л и з а­т о р – бөйрөктүн кызматын аткаруучу аппа­рат. Ж. б. организмди алмашуу продуктусунан бошотот, бөйрөктүн катуу кармаган ж-а өнөкөт кемтигиндеги физиол. процесстерди жөнгө са­лат, о. эле ууланганда уу заттарды, ал эми дене шишип кеткенде, ашык сууну бөлүп чыгарат. 1913-ж. амер. илимпоз Ж. Абель диализ үчүн түзгөн аппараттын негизинде 1944-ж. голланд илимпозу В. Колф Ж. б. аппаратын жасап, би­ринчи жолу колдонгон. Гемодиализде (Ж. б. иш­тегенде) оорулуунун каны төмөнкү көңдөй ве­надан сордуруп алынып, диализдөөчү эритме­лер м-н жарым-жартылай тазалангандан ки­йин, сырткы веналардын бирине кайра куюлат. Ж. б. Кырг-нда 1963-жылдан атайын адистеш­кен жайларда колдонулат.