ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАСАЛМА ДЕМ АЛДЫРУУ – өпкөгө абаны жасалма киргизип ж-а аны кайра чыгаруу. Ал ар түрдүү кокустуктарда, ар кандай ооруда, клиникалык өлүм учурунда, мээде кан айлануу бузулганда, мээ күпчөгүндө (суу толуп калганда), мээ сезгенгенде же мээнин травмасында ж-а ар түрдүү уулануудан мээ жабыркаганда, шал оорусунда, ууланганда, дем алууга катышуучу көкүрөк, моюн, булчуң эттер сезгенгенде; кабырга, омуртка сынганда, өпкөнүн түрдүү ооруларында (мис., өпкө шишигенде, бронх астмасында ж. б.) жасалат. Негизинен өпкөгө абаны үйлөп киргизүү ыкмалары колдонулат. Ага ооздон оозго, ооздон мурунга үйлөө, кекиртекке түтүк салып, ал аркылуу өпкөгө газды үйлөө же бетке маска коюп, ал маска м-н абаны үйлөп, өпкөгө киргизүү ж. б. кирет. Дем алуу ж-а жүрөк токтогон учурда адам клиникалык өлүм абалына келет. 4–6 мүнөттүн ичинде организмде кычкылтек жетишсиздигинен ж-а көмүр кычкыл газынын көбөйүшүнөн жашоонун эң негизги органдарында кайта калыбына келбей турган бузулуулар пайда болот да, организм биол. өлүмгө дуушар болот. Эгер ушул кыска мөөнөттө кайра жандандыруу б-ча аракеттер жасалса, адамды клиникалык өлүм абалынан кайра чыгарып алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ж. д. а. үчүн эс-учун жоготкон адамды катуу жерге чалкасынан жаткырып, оозу, мурдун ар кыл заттардан (ылай, кан, кум, ириң, тамак) тазалайт. Эс-учу жок адамдын ээги бошоп калгандыктан, тил дем алуу жолун бүтөбөш үчүн жаакты ж-а ээкти өйдө көтөрүү керек. Мунун натыйжасында тил көтөрүлүп, жол ачылат. Ж. д. а-ну жөнөкөй ооздон оозго ж-а ооздон мурунга абаны үйлөө жолдору м-н баштоо зарыл. Ж. д. а-чу жаткан жабыркаган кишинин оң жагында болуп, сол колу м-н чекесинен басып, башты артка чалкалатып, оң колу м-н ээкти көтөрөт. Өзү терең дем алып, жаткан кишинин оозуна үйлөйт. Абаны катуу үйлөгөндөн кийин адамдын оозунан өз оозун тез тартып алат. Бул маалда оорулуу дем чыгарат. Дем чыгып бүткөндө, кайра үйлөө керек. Ооздон оозго үйлөп дем алдырууда оорулуунун мурдун чымчып бүтөп туруу, ал эми ооздон мурунга (таноого) үйлөп дем алдырууда адамдын эриндерин бекем жаап туруу зарыл. Абаны үйлөп дем алдыруу мүнөтүнө 12–20 жолу болуш керек. Дем алуу токтогондо, жүрөк да токтоп калса, Ж. д. а-ну жүрөк массажы м-н айкалыштыруу керек. Ооруканада ж-а тез жардамда Ж. д. а. үчүн атайын аппарат колдонулат.