ЖАСМЫК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАСМЫК (Ervum L.) – өсүмдүктөрдүн чанак­туулар тукумундагы бир жылдык чөп. Жапайы ж-а эгилме 10дой түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 3 түрү (Закавказье, О. Азияда) өсөт. Ж-тын сабагы ичке, түз, бийикт. 25–30 см, та­таал жалбырактуу, гүлү майда, ак, көк, кыз­гылт түстө. Мөмөсү – сагак, 2–3 уруктуу. Буур­чактан айырмасы жылуу жерде жакшы өсөт.
Үрөнү 4–5°С жылуулукта өнүп чыгат. Вегета­ция мезгили 65–105 күн. Кургакчылыкка ба­йымдуу. Данында 32% белок, 2% май, 2,5–5% клетчатка бар. Данынан кулинарияда, колба­са, консерва ө. ж-нда колдонулуучу акшак, ун даярдалат. Саманы м-н тыпыны – баалуу кон­центраттуу тоют. Ж. Кытай, Индия, Түркияда, Латын Америкасынын, Түн. Африка ж. б. өстүрүлөт. КМШ өлкөлөрүндө кара топураксыз зонада, Волга бою, Украина, Казакстан, О. Азия ж-а Закавказьеде эгилет. Ж-тын жакшы сорт- туу ж-а кийме болот. Туруктуу Ж. т-тин жа­тору: петровский 4/ 105, днепровский 3, тажик 5, маштырма, каптама, көпүрө сымал, штивдүү түрү бар. Жамаштырма тиш пластмасса же фар­фордон жасалып, маңдайкы тиштер сынганда же чирип бузулганда колдонулат. Каптама тиш азербайжан, окула ж. б. Бардыгы 10дон ашык сорту райондоштурулган. Илдеттери: бакте­риоз, фузариоз, аскохитоз, дат ж. б. Зыянкеч­тери: шалбаа көпөлөгү, Ж. данчысы ж. б.