ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ – жатын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпителийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын ж. б.) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, бойдон алдырганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, о. эле гормондук бузулууда болушу мүмкүн. Былжыр челдин бузулган жери жатын каналынан чыккан цилиндр сымал эпителий м-н капталып, мында эрозия безчелери пайда болот. Эрозия безчелери такай секрет бөлүп турат, ал жаңы пайда болгон эпителийди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Ал көпкө (айлап, жылдап) билинбей, аял көпкө дарыланбай жүрө берсе, рак оорусуна өтүп кетет. Ошондуктан аялдар алдын ала кароодон өтүп, жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Жыныс органдарынын сезгенүү ооруларын, төрөттө ж-а бойдон алдырганда болгон жатын моюнчасынын айрыгын өз убагында дарылоонун мааниси чоң.