ЖАЯН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЯН (Silurus glanis) – жаяндар тукумундагы балык. Ж-дын денеси жылаңач, кабырчыксыз,


башы жалпак, көздөрү кичине. Түсү жашаган жерине жараша өзгөрүп турат. Жонунда кара тактары бар. Каспий деңизинде жашагандары­нын эң чоңунун дене уз. 5 мге, салмагы 5 цге чейин болгон. Деңиз деңгээли жогорулаган са­йын Ж. кичирейет. О. Азияда жашаган балык­тардын эң чоңу.

Мындан көп жыл мурун Кас­пий, Арал деңиз­деринде, Сыр-Да­рыяда, Кара-Да­рыяда, Н ар ын ж-а Чүй д-нда ке­ңири таралган. Көбүнчө жай аккан, ылай эмес сууларда, сай­ларда жашайт. Алар – жырткыч, майда балык­тар, бакалар, суу канаттуулары м-н азыктанат. Ж. 4–5 жашында жыныстык жактан жетилип, 11–480 миңдей урук таштайт.