ЖЕКЕ МЕНЧИК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕКЕ МЕНЧИК – жеке кишинин (үй-бүлөнүн) менчигинде турган киреше алуу объектине ээлик кылуунун‚ пайдалануунун ж-а тескөөнүн‚ баш­ка жакка берүүнү же сатууну кошо алганда‚ бардык укуктарына ээ болгон менчик түрү. Ж. м. өндүрүштүн учурдагы ыкмаларынын бар­дыгында пайда болушу ж-а өнүгүшү мүмкүн. Ж. м-тин эки түрү бар: 1) жалданма эмгекке не­гизделген Ж. м.; 2) өз эмгегине негизделген (же үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгегине негизделген) Ж. м. Айрым индивиддердин (үй-бүлөлөрдүн) мен­чигинин объектилери өндүрүш каражаттары‚ керектөө буюмдары‚ акча каражаттары‚ баалуу кагаздар ж. б. болушу мүмкүн. Азыркы учурда КРде Ж. м. мыйзам актылары м-н беки­тилген.