ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЛАРГЫ АКИТАШ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кемин т. ж. бекетинен 20 км түш.-чыгыш тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 2300–2400 м бийикте жайгашкан. 1932-ж. табылып, 1947-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбондун акиташ теги, сланец ж-а аларды жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Пайдалуу катмар кеңдик багытта созулуп жаткан антиклиналдык бүктөлүштүн сол канатындагы акиташ тектеринен турат. Кара күрөң түстө, калыңдыгы 105 мге чейин. Хим. курамы б-ча эки түргө бөлүнөт: биринчиси кальций кычкылына бай, кошундусуз таза; дубалдарды актоочу акиташ алууга жарамдуу. Экинчиси – арасында чопо кездешкен акиташ теги; андан дубал бетин кооздоп каптоочу такта, цемент сырьёсун алууга болот. Запасы В категориясы б-ча 806 миң т.