ЖЕНЕВА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕНЕ́ВА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1949) – согуштан жапа тарткандарды коргоо ж-дөгү көп тараптуу эл аралык келишимдер. 1949-ж. 12-августта Женевада (Швейцарияда) кол коюлган: 1) согушуп жаткан армиялардагы жарадар ж-а оорулуу жоокерлердин абалын жакшыртуу ж-дө конвенция; 2) кеме кыйроосуна учураган деңиздеги куралдуу күчтөрдүн курамындагы жарадарлардын, оорулуулардын ж. б-дын абалын жакшыртуу ж-дө конвенция; 3) аскер туткундарына карата мамиле ж-дө конвенция; 4) согуш учурунда жарандык калкты коргоо ж-дө конвенция. Ж. к-на СССР да катышкан. Кон-
венциялар эл аралык укуктун согуш аракеттери каршылашынын куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзүлөт, жарандык калкка, оорулуу, жарадар ж-а туткунга түшкөн адамдарга каршы жүргүзүлбөйт деген принцибин бекемдеген. Ж. к. жарыяланган согушта же ар кандай куралдуу
чыр-чатакта, кайсы бир аймакты басып алууда (куралдуу каршылык көрсөтүлбөсө да) колдонулат. Согушка катышып жаткан тараптар ж-а о. эле бейтарап мамлекеттер Ж. к-нын эрежелерин сакташ керек. Ж. к-на мүчө мамлекеттер Ж. к-нын эрежелерин бузган кишилерди табууга жардам көрсөтүүгө тийиш. Мындай кишилер кайсыл мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган болсо, ошол мамлекеттин соту м-н соттолот же Ж. к-на мүчө болгон кайсы бир мамлекет далилдей алса, анда анын соту м-н да соттолушу мүмкүн. Жарадар, оорулуу, туткунга түшкөн аскерлерди ж-а жарандык калкты атайын өлтүрүү, алардын ден соолугуна зыян келтирилген биол. тажрыйбаларды жүргүзүү ж-а туткунга түшкөн аскерлерди душмандын армиясында кызмат өтөөгө зордоо ж. б. Ж. к-н орой бузгандык болуп саналып, кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Ад.: Пустогаров В. В. Женевским конвенциям 1949 г. – 50 лет. Достижения и проблемы // Государство и право. 1998. ¹ 6.