ЖЕНЕВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕНЕ́ВА МАКУЛДАШУУЛАРЫ (1962) – Лаос маселесин жөнгө салуу үчүн 1961-ж. 16-май – 1962-ж. 23-июлда Бирма, Улуу Британия, Вьетнам Демокр. Респ., Индия, Камбожа, Канада, КЭР, Лаос, Польша, СССР, АКШ, Таиланд, Франция, Түш. Вьетнам өкүлдөрү Женева (Швейцария) кеңешмесинде кол койгон документтер. Ж. м. б-ча кеңешме СССР м-н Улуу Британиянын демилгеси б-ча чакырылган. Ага 1962-ж. июнда Лаостун өзүндө коалициялык өкмөт түзүүгө макулдашкан үч саясий күчтүн (бейтарапчылар, патриоттук фронт, оңчул топ) өкүлдөрү да чакырылган. Ж. м-нда Лаостун бейтараптыгы ж-дө декларация кабыл алынып, анда кеңешмеге катышкан өлкөлөр Лаостун көз карандысыздыгын, аймагынын бүтүндүгүн, өз алдынчалыгын урматтоого тийиш деп көрсөтүлгөн. Декларация б-ча Лаостун аймагында жарандык согуш токтотулуп, чет элдик аскер күчтөр чыгарылмак. Бул келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша ж-а Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Бирок АКШ Ж. м-н бузуп, Лаостун оңчул топторунун патриоттук күчтөргө каршы согушуна (1963-ж. апрелден) жардам берген. Натыйжада Лаостун ички абалын жөнгө салуу үзгүлтүккө учурап, коалициялык өкмөттүн иши токтогон.