ЖЕНКИНСОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕ́НКИНСОН Антони (16-к-да жашап өткөн) – англ. соодагер, саякатчы. Элчилик кызмат да аткарган. 1557–58-ж. Иранда ж-а Борб. Азияда болгон. Ж-дун маалыматы б-ча, ал келерден мурун Кытай ж-а Бухара аралыгындагы көчмөндөр м-н шаардыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуш жүрүп турган. Ж. Ташкент (Таскент), Кашкар ш-н атап, Ташкентке каршы казактар (кассак), Кашкарга каршы кыргыздар (киргс) согушканын белгилеген. О. эле ал бул эки элдин өтө күчтүү экенин, ошондуктан аталган шаарлар аларга баш ийгендигин эскерген. Анын түзгөн картасында кыргыздар 16- к-дын орто ченинде эле дээрлик өздөрүнүн азыркы аймактарын ээлешкени көргөзүлгөн. Т. Асанов.