ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕҢИЛ АТЛЕ́ТИКА – спорттун негизги ж-а эң кеңири тараган түрүнүн бири; ага ар түрдүү ара­лыктарга жүгүрүү ж-а спорттук басуу, узундук­ка, бийикке секирүү, спорт снаряддарын (диск, найза, граната) ыргытуу ж. у. с. спорттун көп түрү кирет. Азыркы спорттук бөлүштүрүүдө Ж. а-лык көнүгүүлөрдүн 60тан ашык түрү бар. Олимпиялык оюндарда эркектер үчүн 24, аял­дар үчүн 14 түрү белгиленген. Ж. а. континент­тик ири спорт мелдештердин ичине кирет. Ба­суу – чыдамкайлыкка көнүктүрөт ж-а чуркоого жардамчы көнүгүү болуп эсептелет. Ири эл ара­лык мелдештерде, олимпиялык оюндарда 20 ж-а 50 км аралыкка басуу белгиленген. Чур­коо, жүгүрүү – адам организмин жакшы өнүк­түрөт. Чуркоо б-ча төмөндөгүдөй аралыктарга: спринтердик – 60–400 м; орто аралыкка – 800– 2000 м; узун аралыкка – 20, 25, 30 км; сааттык; марафондук – 42 км 195 м мелдеш өткөрүлөт. Булардан сырткары 80, 110, 200 ж-а 400 мге тос­коолдуктуу чуркоо; 3000 мге тоскоолдуктарды жеңүү м-н чуркоо; 500 мден 15 кмге чейин кросс­тук чуркоо ж-а эстафеталык чуркоо кирет. Се­кирүү – күчтү ж-а шамдагайлыкты өнүктүрөт. Секирүүнүн 4 түрү бар: бийиктикке, узундукка, үчтүк ж-а шыргый м-н секирүү. Ыргытуу – бүт­күл дененин, өзгөчө кол, курсак ж-а далы бул­чуңдарын чыңдоого оң таасир берет; күчтү, шам­дагайлыкты, тездикти ж-а аралыкты болжой билүүнү өнүктүрөт. Анын 5 түрү бар: диск, най­за, балка, граната ыргытуу ж-а ядро түртүү. Ж. а. 1896-жылдан Олимпиялык оюндарга кирген. 1934-жылдан европ., 1983-жылдан дүйн. чем­пионат өткөрүлөт. 1912-ж. Ж. а-нын Эл ара­лык федерациясы негизделген. Азыркы учурда ал 170тен ашуун өлкөнү бириктирет. 1934-жыл­дан европ. 1983-жылдан дүйнөлүк чемпионат өт­көрүлөт. Эгемендүү Кыргыз Респ-нын Ж. а-чы-


лары 1996-ж. Атланта (7 спортчу), 2000-ж. Сид­ней (9), 2004-ж. Афины (7) ж-а 2008-ж. Пекин (5) ш-нда өткөн Олимпия оюндарына катыш­кан. Олимпия оюндарынын, дүйнөнүн чемпио­наттарына катышып, дүйнөлүк рекорд коюш­кан күлүктөр – Л. Иванов, О. Барч, В. Корсако­ва, С. Жуманазаров, М. Кульчунова, Т. Калпа­кова, М. Сысоева, А.Чернецкий, И. Паклин ж. б.