ЖЕҢИШ ПАРАДЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕҢИШ ПАРАДЫ – Улуу Ата Мекендик со­гушта (1941–45) СССРдин Германияны жеңге­нинин урматына 1945-ж. 24-июнда Москвада өткөн аскер парады. Ага Карел, Ленинград, 1-

Прибалтика, 3-, 2-, 1-Белорус, 1-, 4-, 2-, 3-Ук­раин фронтторунун, Коргоо эл комиссариаты­нын, АДФтин, аскер академияларынын, аскер окуу жайларынын ж-а Москва гарнизонунун бөлүктөрү, аба күчтөрүнүн бириктирилген эскад­рильялары катышкан. Аскер бөлүктөрү м-н би­рикмелеринин тууларын көтөргөн фронт ж-а ар­мия командачылары, Сов. Союз. Баатырлары Ж. п-нан өтүшкөн. Ж. п-на К. К. Рокоссовский командалык кылган, Г. К. Жуков кабыл ал­ган. Параддын аягында жеңилген немис-фашист аскерлеринин тууларын Мавзолейдин алдына алып келип ташташкан. 1995-ж. 9-майда Москва ш-нда юбилейлик Ж. п. өткөн. Парад­га В. Л. Говоров командалык кылган, В. Г. Ку­ликов кабыл алган. Жеңиш туусун М. П. Один­цов көтөргөн. Бул парадга Кырг-ндан да согуш ардагерлери катышкан.