ЖЕҢКЕТАЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕҢКЕТАЙ – үйлөнүү тоюндагы жөрөлгө. Болочок күйөө ж-а күйөө жолдош кыздын айылына келгенде, кыздын жеңелери алгач ирет эки жашты тааныштырып, алардын ортосундагы алгачкы мамиленин түзүлүшүнө өбөлгө болот. Калың төлөнгөндөн кийин, кызды алып кетүүчү күн келгенде, кыздын жеңеси күйөө жолдоштон Ж. доолаган. Күйөө тарап Ж-лыкка жакшы белек, мал берген. Себеби күйөө м-н кыздын ортосундагы мамилерде кыздын жеңеси абдан чоң ролду ойногон. Алардын жолугушууларын уюштурган, оюн-тамашаларды өткөрүп, жигитти сынаган. Кыздын аруулугуна, ар-намысына жеңеси жооптуу болгон. Бардык тоскоолдуктар, суроо-талаптар жеңеси аркылуу чечилген. Жеңенин кыз узатуу жөрөлгөсүндөгү милдеттери кээ бир учурда чечүүчү мааниге ээ болгон. А. Көчкүнов.