ЖААҢГЕР КОЖО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖААҢГЕР КОЖО</b> , Ж а х а н г и р (1783–1827- | <b type='title'>ЖААҢГЕР КОЖО</b> , Ж а х а н г и р (1783–1827-жылдан кийин) – Чыгыш Түркстан аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтө­рүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, Аппак кожонун урпагы, Бурханеддиндин небе­реси, «<i>Ышкиййа тарикаты</i>» («Актоолуктар») сопулук агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Бур­ханеддин м-н Аппак кожо дагы Цин зомбулу­гуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш кал­калоо үчүн Бадахшанга качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип, Цин бийлигине тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты Ферганага качырышкан. Жааңгер кожо баштаган боштондук кыймылдын ал­гачкы этабы «Суранчы бийдин козголоңу» деп аталат. Ушул козголоңдун таасири м-н Жааңгер кожо 1821-жылы Кашкарга 2-ирет жортуул жасаган. Бирок, жеңишке жетише албай, Алайга чегин­генде, ал жердеги кыргыздар жардам берип, 1824-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жа­кын Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароол­го кайрадан чабуул койгон. Айыгышкан кар­машта эки тарап тең көп жоготууларга учурап, Турдумамбеттин жардамчысы жамантейит уруу­сунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болгон. Сан жагынан кыйла артыкчы­лык кылган кытай аскери Жааңгер кожонун колун Каш­кар аймагынан сүрүп чыккан. Негизги таяны­чы болгон кыргыз бийлеринен ажыратууга ара­кет кылган богдыхан Жааңгер кожону жан-жөкөрлөрү м-н кармап берүүсүн өтүнүп, аларга 1825-жылы элчи жөнөткөн. Жааңгер кожонун кыймылына катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баа­луу сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө атайын буйру­гун жарыялаган. Ошол жылы күзүндө Жааңгер кожону туткунга түшүрүү үчүн Баянбату баш болгон 500 жоокер Ак-Талаадагы Тайлактын айылына жөнөтүлгөн. Анын кошууну түнкүсүн гана жол жүрүп келип, Нарын дарыясынын жээгиндеги Тайлак м-н Атантайдын айылдарына капыстан кол салышкан. Бул айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери гана кутулган (к. <i>Атантай</i> Рыскул уулу<i>, Тайлак баатыр</i>). Ушул жеңиштен кийин Жааңгер кожо Цин бийлигине каршы Кокон, Оро-Төбөнүн акими, Кундуздун эмири, тажик, өзбек, казак, кыргыз уруулары­нан жардам сурап, чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Жааңгер кожонун колу Ак- Бейитти ашып, Кашкар багытына түшкөн. Ал­гачкы салгылаш Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Кыргыздардан куралган кошуун Үч-Турпанга барчу жолду ээлеп, Атантай, Тай­лактын жигиттери Барчындагы кытай кароо­лун кыйраткан. Натыйжада Жааңгер кожону Кашкар дубанынын калкынын көбү колдоп кеткен. Шаан-шөкөт м-н баш калаага киргенде «сеид Жааңгер султан» атанган. Көп узабай Жаркен, Хотан, Янгигиссардын калкы козголуп, ал шаарлардагы Цин аскерлери, сепилдер талка­ланган. Жааңгер кожонун көтөрүлүшү дээрлик 1828- жылга чейин Чыгыш Түркстандын кеңири ай­магын камтып, Ч. Валихановдун эскерүүсү боюнча бул көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам каты­шып, кыргыздар чоң роль ойногон. Бирок, Жааңгер кожо Кашкарды ээлегени м-н түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды пайдалана алган эмес. Курал-жарак, ок-дарысы жетишсиз, аскер даярдыгы начар бол­гондуктан, өлкөнүн ич жагынан келген ири ас­кер күчтөрүнө туруштук берүү кыйын болгон. 1827-жылы эрте жазда Жунтан кол башчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркен, Хотан­га чабуул коюп, Кашкардын жанындагы кар­машта аны коргоочулар жеңилип, калааны кал­тырып кетишкен. Кожонун жакын жардамчы­ларынын ич ара талаш-тартышы да бул кый­мылга терс таасир эткен. Кытай бийлиги да­йындаган Кашкардын жаңы хакимбеги Исак­ван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далил­деш үчүн айла-амал м-н Жааңгер кожону кытайларга | ||
жылдан кийин) – Чыгыш Түркстан аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтө­рүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, Аппак кожонун урпагы, Бурханеддиндин небе­реси, «<i>Ышкиййа тарикаты</i>» («Актоолуктар») сопулук агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Бур­ханеддин м-н Аппак кожо дагы Цин зомбулу­гуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш кал­калоо үчүн Бадахшанга качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип, Цин бийлигине тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты Ферганага качырышкан. | |||
үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баа­луу сыйлыктарды ыйгаруу | |||
Үч-Турпанга барчу жолду ээлеп, Атантай, Тай­лактын жигиттери Барчындагы кытай кароо­лун кыйраткан. Натыйжада | |||
кармап берген. Аны өтө коркунучтуу козголоң­чу катары Пекинге алып барып, бир нече жыл­дан кийин кескилеп өлтүрүшкөн. Жеңилип кал­ганына карабастан, бул кыймылдын Түркстан элдеринин боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор. Цин үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин өз алдынчалык үчүн күрөшү кийинки жылдары уланып, кыргыздар да ак­тивдүү катышкан. | |||
<i>Т. Өмүрбеков. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
03:47, 30 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖААҢГЕР КОЖО , Ж а х а н г и р (1783–1827-жылдан кийин) – Чыгыш Түркстан аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтөрүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, Аппак кожонун урпагы, Бурханеддиндин небереси, «Ышкиййа тарикаты» («Актоолуктар») сопулук агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Бурханеддин м-н Аппак кожо дагы Цин зомбулугуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш калкалоо үчүн Бадахшанга качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип, Цин бийлигине тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты Ферганага качырышкан. Жааңгер кожо баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы «Суранчы бийдин козголоңу» деп аталат. Ушул козголоңдун таасири м-н Жааңгер кожо 1821-жылы Кашкарга 2-ирет жортуул жасаган. Бирок, жеңишке жетише албай, Алайга чегингенде, ал жердеги кыргыздар жардам берип, 1824-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жакын Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароолго кайрадан чабуул койгон. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учурап, Турдумамбеттин жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болгон. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери Жааңгер кожонун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыккан. Негизги таянычы болгон кыргыз бийлеринен ажыратууга аракет кылган богдыхан Жааңгер кожону жан-жөкөрлөрү м-н кармап берүүсүн өтүнүп, аларга 1825-жылы элчи жөнөткөн. Жааңгер кожонун кыймылына катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө атайын буйругун жарыялаган. Ошол жылы күзүндө Жааңгер кожону туткунга түшүрүү үчүн Баянбату баш болгон 500 жоокер Ак-Талаадагы Тайлактын айылына жөнөтүлгөн. Анын кошууну түнкүсүн гана жол жүрүп келип, Нарын дарыясынын жээгиндеги Тайлак м-н Атантайдын айылдарына капыстан кол салышкан. Бул айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери гана кутулган (к. Атантай Рыскул уулу, Тайлак баатыр). Ушул жеңиштен кийин Жааңгер кожо Цин бийлигине каршы Кокон, Оро-Төбөнүн акими, Кундуздун эмири, тажик, өзбек, казак, кыргыз урууларынан жардам сурап, чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Жааңгер кожонун колу Ак- Бейитти ашып, Кашкар багытына түшкөн. Алгачкы салгылаш Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Кыргыздардан куралган кошуун Үч-Турпанга барчу жолду ээлеп, Атантай, Тайлактын жигиттери Барчындагы кытай кароолун кыйраткан. Натыйжада Жааңгер кожону Кашкар дубанынын калкынын көбү колдоп кеткен. Шаан-шөкөт м-н баш калаага киргенде «сеид Жааңгер султан» атанган. Көп узабай Жаркен, Хотан, Янгигиссардын калкы козголуп, ал шаарлардагы Цин аскерлери, сепилдер талкаланган. Жааңгер кожонун көтөрүлүшү дээрлик 1828- жылга чейин Чыгыш Түркстандын кеңири аймагын камтып, Ч. Валихановдун эскерүүсү боюнча бул көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам катышып, кыргыздар чоң роль ойногон. Бирок, Жааңгер кожо Кашкарды ээлегени м-н түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды пайдалана алган эмес. Курал-жарак, ок-дарысы жетишсиз, аскер даярдыгы начар болгондуктан, өлкөнүн ич жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук берүү кыйын болгон. 1827-жылы эрте жазда Жунтан кол башчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркен, Хотанга чабуул коюп, Кашкардын жанындагы кармашта аны коргоочулар жеңилип, калааны калтырып кетишкен. Кожонун жакын жардамчыларынын ич ара талаш-тартышы да бул кыймылга терс таасир эткен. Кытай бийлиги дайындаган Кашкардын жаңы хакимбеги Исакван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далилдеш үчүн айла-амал м-н Жааңгер кожону кытайларга
кармап берген. Аны өтө коркунучтуу козголоңчу катары Пекинге алып барып, бир нече жылдан кийин кескилеп өлтүрүшкөн. Жеңилип калганына карабастан, бул кыймылдын Түркстан элдеринин боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор. Цин үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин өз алдынчалык үчүн күрөшү кийинки жылдары уланып, кыргыздар да активдүү катышкан.
Т. Өмүрбеков.