ЖАБГУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАБГУ</b> (кытайча шеху) – байыркы Түрк каган­дыгындагы жогорку наам ж-а кызматтык абал. Кээ бир окумуштуулардын пикирине караганда иран этимологиясына байланышып, юэчжи ( | <b type='title'>ЖАБГУ</b> (кытайча шеху) – байыркы Түрк каган­дыгындагы жогорку наам ж-а кызматтык абал. Кээ бир окумуштуулардын пикирине караганда иран этимологиясына байланышып, юэчжи (кушан) эфталиттерге тийиштүү болгон. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­кушандарда ат атооч катары колдонулган, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бу­мын кагандын мезгилинде Батыш Түрк каган­дыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Жабгу Түрк кагандыгында бийлик даражасы боюнча би­ринчи орунду ээлеген. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан Жабгу ж-а шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. | ||
Ад.: <i>Бернштам А. Н</i>. Социально-экономической | Ад.: <i>Бернштам А. Н</i>. Социально-экономической | ||
строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; <i>Малов С</i>. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; <i>Кляшторный С. Г.</i> Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964. | строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; <i>Малов С</i>. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; <i>Кляшторный С. Г.</i> Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964. | ||
<i>Т. Жуманалиев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
03:59, 30 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАБГУ (кытайча шеху) – байыркы Түрк кагандыгындагы жогорку наам ж-а кызматтык абал. Кээ бир окумуштуулардын пикирине караганда иран этимологиясына байланышып, юэчжи (кушан) эфталиттерге тийиштүү болгон. Баштапкы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, башкаруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде саккушандарда ат атооч катары колдонулган, кийин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бумын кагандын мезгилинде Батыш Түрк кагандыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Жабгу Түрк кагандыгында бийлик даражасы боюнча биринчи орунду ээлеген. Бийликтин жогорку баскычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандарынан Жабгу ж-а шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан.
Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.
Т. Жуманалиев.