ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТЕМИР ЖОЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТЕМИР ЖОЛ , м е т р о п ол и т е н – жердин асты м-н жүргүнчү ташуучу т. ж. системасы. Ачык ыкма м-н курулган биринчи Ж. а. т. ж. 1863-ж. Лондондо ачылып, жүргүнчүлөрдү Пэддингтондон Фэррингтонго ташыган. Бул линияда көмүр м-н иштеген буу локомотивдери жүргөн. Бир топ тереңдикте курулган алгачкы Ж. а. т. ж. 1890-ж. Англияда Сити м-н түш. Лондонду туташтырган. Бул линия м-н электр локомотиви жүргөн. Ж. а. т. ж. Будапештте 1896-ж., ал эми Бостондо (АКШ) 1895–97-ж. ачылган. 1898-ж. Париж метросун куруу башталган. Мындай транспорттук система тез эле дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында курула баштады. 1932-ж. курула баштаган Москва метрополитени эң ири Ж. а. т. ж. болуп эсептелет. Ал азыркы учурда күнүнө 6,5 млндон ашык жүргүнчү ташыйт. Айрым линияларда поездди башкаруу автоматтык түрдө ишке ашырылат. Париж метросунда ж-а анын долбоору м-н салынган башка шаарлардагы Ж. а. т. ж-до поезд рельс м-н эмес, бетон аркылуу жүрөт.