ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ – Жер орбитасына чыгарылган космосто учуучу аппараттар (космос кемеси, экипажы бар орбиталык станция ж-а автоматтык жандоочу). Автоматтык жандоочу (адам иштебей турган) башка жандоочулардан констр-сы б-ча айырмаланат. Ж. ж. ж. орбитага биринчи космос ылдамдыгынан кем эмес ылдамдыкта көп баскычтуу ракеталардын жардамы м-н чыгарылат. Ж. ж. ж. өз максаты, аткара турган милдети, орбитасы, бортундагы жабдуулардын тиби б-ча ар кандай түргө бөлүнөт. Ил.-из. жүргүзүүчү жандоочулары Жер ж-а анын тегерегиндеги мейкиндик ж-дө маалымат алуу ж-а астрономия, биология, медицина ж. б. б-ча изилдөө жүргүзөт. Орбитасы тегерек, эллипстик, экватордук, уюлдук ж-а туруктуу жандоочулар бар. Туруктуу жандоочу жер бетинен 35 860 км алыстыкта бир чекитте «асылып турат», алар байланыш үчүн өтө ыңгайлуу. Жандоочулардын өлчөмү, массасы ар түрдүү. Биринчи жандоочунун диаметри 0,58 м, массасы 83,6 кг болгон. Эң кичине жандоочунун массасы 700 г, ал эми «Протон-4» деген жандоочунуку – 17 т. Алгачкы Ж. ж. ж-нын бири 1957-ж. 4-октябрда учурулган. Колдонмо жандоочу эл чарбасына керектүү маалымат жыйнайт ж-а ракета-космостук техниканы сынайт. Байланыш жандоочу – телекөрсөтүү программасын берет, радио, телефон, телеграф байланышын камсыз кылат. Мис., «Молния» жандоочусу КМШ өлкөлөрүнүн борб. телекөрсөтүү




программасын жеткирет. М е т е о р о л. ж а нд о о ч у – Жердеги станцияга Жердин булут, кар, муз катмары, жер бетинин ж-а атм-нын темп-расы ж-дөгү маалыматты берип турат. «Космос» сериясындагы жандоочулардан, «Тирос», «Эсса», «Тимбус» метеорол. жандоочуларынан алынган маалымат аба ырайын алдын ала тактайт, жакындап келаткан бороон-чапкын ж-дө эскертет. Н а в и г а ц и я л ы к ж а нд о о ч у – деңиз кемесинин Дүйнөлүк океандагы абалын аныктайт. Жердин жаратылыш байлыгын иликтей турган жандоочу да бар. Ал а. ч. өсүмдүгүнүн түшүмүн алдын ала айтат, пайдалуу кен чыга турган жерди, зыянкечи көп токойду аныктап, жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын көзөмөлдөйт.