ЖЕРДИН КАБЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРДИН КАБЫГЫ , г е о г р а ф и я л ы к к а б ы к – Жердин бири-бирине өз ара таасир этип турган атм-нын төмөнкү, литосферанын үстүнкү катмарларын, гидросфераны ж-а био­сфераны камтыган кабыгы. Ага биосфера ж-а гидросфера бүт, литосферанын гипергенез облу­су, атм-нын стратопаузага чейинки катмары ки­рет. Калыңдыгы 40 кмге жетет. Геогр. кабык­тын бирдиктүүлүгүнө кургактык, атм., Дүйнөлүк океан ж-а организмдердин ортосундагы зат м-н энергиянын үзгүлтүксүз алмашып турушу себеп­кер. Андагы табигый кубулуштар Күндүн ж-а Жердин ички энергиясына байланыштуу.