ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпа­ты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байла­ныштуу, анын бети эч бир геом. формага окшобогон өтө татаал тур­патка ээ. Ошондуктан Ж. к. болуп г е о и д эсептелинет. Бирок, гео­дезия, картогр. ж. б. көптөгөн ил.- практикалык маселелерди чечүүдө Ж. к. катары жер эллипсоиди же жер сфероиди алынат. Кийинки кезде жердин жасалма жандоочу­лары м-н космосчулардын байкоо­лорунан Ж. к. алмурут сымал фор­мада экендиги белгиленген. Мын­дай форманы кардиоид деп атоо су­нуш кылынган, к. Геоид.