ЖЕР КЫРТЫШЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕР КЫРТЫШЫ – Жердин «катуу» бөлүгүнүн үстүңкү катмары, мантия м-н Мохоровичич чеги аркылуу чектешет. Калыңдыгы океан түбүндө 5 км, материктин астында 75 кмге жетет. Кон­тиненттик ж-а океандык, о. эле өтмө – субкон­тиненттик ж-а субокеандык Ж. к-тарына бө­лүнөт. Континенттик Ж. к. чөкмө, гранит ж-а базальт катмарларынан турат; орт. калыңды­гы 35–45 км, эң калың жери 75 км (тоо астын­да) болот. Океандык кыртыш континенттик кыртыштан гранит катмарынын жоктугу ж-а кыртыштын жукалыгы (5 кмден 10 кмге че­йин) м-н айырмаланат. Ж. к. изостазиялык тең салмактуулук абалына жакын. Ж. к-нда дайы­ма тектон. кыймыл болуп турат. Түзүлүшү б-ча


Жердин толук чыңа­луу вектору жана анын координата боюнча тү­зүүчүлөрү.

ал кыймылдуу – геосинклиналь ж-а кыймыл­сыз – платформа аймактарына бөлүнөт, к. Жер.