ЖЕР ТИТИРӨӨ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР ТИТИРӨӨ , з и л з а л а – Жердин терең бөлүгүндө пайда болуучу ар кандай күчтөрдөн жер кыртышынын солкулдап кетиши. Жер кыртышынын тектон. кыймылдары, жанартоолордун атылышы, газдардын жарылышы, литосфералык плиталардын кыймыл-аракети, электрмагниттик толкундардын топтолуп чыңалышы, тоо-тектердин физ. касиеттеринин өзгөрүшү, магнит бороондорунун күч алышы, радиоактивдүү дүүлүгүүлөр, жарлардын кулашы, үңкүрлөрдүн урашы, бомба түшүү Ж. т-гө негизги себеп болот. Ж. т. жөнүндөгү илимди сейсмология дейбиз (к. Сейсмология). Жер кыртышынын тереңдиктеги очогу – гипоборбор, анын жер бетиндеги проекциясы эпиборбор деп аталат. Борбордон туш тарапка сейсмдик толкундар тарайт. Толкун тоо-тектерди деформациялайт. Катмарларды ийип чоёт. Өйдө-төмөн көтөрүп түшүрөт. Ары-бери жылдырат. Ар кандай чоңдуктагы жаракаларды пайда кылат. Эпиборбордо титирөө күчтүү жүрөт. Тик жаракалар пайда болот. Эпиборбордон утур алыстаган сайын жаракалар кыйгачтай берет. Гипоборбордун тереңдиги 300– 800 кмге жетет. Ал канчалык терең жайгашса, Ж. т. ошончолук чоң аянтты кучагына алып, солгун титирейт. Өтө күчтүү титирөөлөрдүн тереңдиги 50 кмге жетет. Көпчүлүк учурда 15– 20 кмден ашпайт. 1923-ж. Токио ш. титирегенде гипоборбор 5–10 км, 1948-ж. Ашхабаддагы титирөөдө 15–20 км, 1966-ж. Ташкентте 8 км тереңдикте жайгашып, өтө коркунучтуу көрүнүштөр эпиборбордун айланасында болгон.
Жер кайсы чекитте, кандай күчтө, качан титирерин эч ким билбейт. Титирөө дайым капысынан башталат. Эч кандай белги берилбейт. Бир эле силкинип токтоп калбайт. Биринчи күчтүү титирөө форшок, андан кийинки кайталагандары афтершок деп аталат. Утур кийинки титирөөлөрдүн күчү кемий берет да анан барып токтойт. Кайталап титирөөлөр жылдап созулат. 1887-ж. Алма-Ата ш. титирегенде 600 жолу кайталап, 2 жыл титиреген. 1923-ж. Токиодогу титирөө 800 жолу, 1948-ж. Ашхабад титирегенде миңден ашкан. Ташкент Ж. т-сү 1966- жылдан 1970-жылга чейин созулуп, 700 жолу кайталанган. Чаткалдагы титирөө 1946-жылдан 1956-жылга чейин созулган.
Жаратылышта кездешүүчү кубулуштардын эң
коркунучтуусу ж-а күчтүүсү Ж. т. болуп эсептелет. Анткени Ж. т. кокусунан башталып, ашып кетсе 1–2 мүнөткө созулат. Көз ачып-жумганча бардыгын кыйратып таштайт. Учкан куш гана кутулуп кете алат. Жер чайпалат. Киши тик туруп, түз басып жүрө албай, башы тегеренет. Коркуу сезими күч алат. Курулуштар кыйрайт. Кыян-сел, көчкү жүрөт. Тоолордо таш кулайт.

Өрт чыгат. Суу каптайт. Жар урайт. Кишилер тирүүлөй көмүлөт. Жер терең жарылып, рельеф
өзгөрөт. Булак соолуйт же жаңы булактар, көлдөр пайда болот. Өлүм-житим күтүлөт. 1923-ж. Токио ш. титирегенде 128 266 үй урандыга айланып, 142 807 киши дайынсыз жоголгон, жарадар болгону 100 миңге жеткен. Күчү 11 баллга жеткен күчтүү титирөөдөн Токио, Иокогама ш. талкаланган. 99 300 киши өлгөн. 1948-ж. Ашхабаддагы титирөөдө 15–20 секундда 19 800 киши курман болгон. Рельс ийилип, поезд кулаган. Шаардын айланасындагы кыштактар талкаланган. Туурасы 0,5 мге жеткен терең жарака пайда болгон. 1957-ж. Моңголияда жер титиреп, туурасы 2–3 м, уз. 300 км жарака пайда болгон. Бир өзөн 328 м төмөн түшүп кеткен. 1988-ж. Кытайда (Юньань ш.) 6 күн удаасы менен жер солкулдап турган. 700 000 үй кыйраган. 730 000 киши өлүмгө учураган. Ушул жылы 14-декабрда Арменияда жер силкинип, 28 кыштак, Спитак, Ленинакан, Кировокан ш. урандыга айланган. 24 920 киши өлгөн, 500 000 киши
үй-жайсыз калган. 1859 киши оор жарадар болгон ж. б.
Жердин титирешин жаныбарлар адамдан мурун сезет. Тынчы кетет. Ит аянычтуу кыңшылайт, улуйт. Мышык түктүйүп, аярлап басат. Уйлар мөөрөйт, эшек бакырат, койлор кулактарын тикчийтип, жер тепкилеп оттобойт. Жылкы кишенейт, окуранат, тыбырчылап жер тепкилейт, басып бара жатып мүдүрүлөт, кошкурат. Балыктар суунун үстүнө калкып чыгат. Жылан, кескелдирик, ийинде же үңкүрдө жашаган жаныбарлар сыртка чыгат. Курт-кумурскалар жайнап кетет. Куштар көрүнбөй калат. 1969-ж. Кытайда зоопарктагы жаныбарлардын тынчы кетип, элди таң калтырган. Жолборс турбай жатып алган. Ит аянычтуу кыңшылаган. Топоз жем жебей койгон. Ташбака ары-бери
«чуркап» чарчаган. Ак куулар сууга түшпөй алыстаган. Чоң шашкеде (18-июль) жер титирей баштаган. Жер титирерде жер астындагы суулардын хим. курамы, режими өзгөрөт. Cl, Ca, Mg
иондору, бор к-тасы көбөйөт. Гидрокарбонаттар м-н сульфаттардын саны азаят. Атм-да ар кандай кубулуштар байкалат. Жер кыртышындагы жаракалардан газдар бөлүнүп чыгат. Магнит талаасынын чыңалуусу артат. Кудук суусунун деңгээли өзгөрөт, ылайланат. Радиоактивдүү дүүлүгүүлөр жүрөт. Булактан радон көп бөлүнүп
чыгат. Гелий м-н аргондун концент-сы көтөрүлөт. Кээде жер түпкүрүнөн күүлдөгөн, кулак тундурган, коркунучтуу дабыш угулат.
Жердин титирөө күчү сейсмограф деген куралдын жардамы м-н аныкталып, балл м-н өлчөнөт. Азыркы кезде күчү 12 баллга туура келген сейсмдик шкала колдонулат (к. таблицаны).
Күчү 11–12 баллга жеткен өтө коркунучтуу апаат титирөөлөр жер бетинде жылына бир, 9– 11 балл 20, 7–9 балл 100, 6–7 балл миң жолу болуп турат. 4–5 балл бир нече миңдеп саналат. Жер бетиндеги коркунучтуу титирөөлөргө 1755-ж. Лиссабондогу, 1887-ж. Алма-Атадагы, 1911-ж. Кемин менен Памирдеги, 1948-ж. Ашхабаддагы, 1966-ж. Ташкенттеги, 1976-ж. ж-а 2008-ж. Кытайдагы, 2008-ж. Чоң Алайдагы титирөөлөр кирет. Күчү 10 баллдан ашкан коркунучтуу титирөөлөр жер кыртышындагы терең жаракалар м-н байланышкан. 1948-ж. Ашхабаддагы силкинүү Копет-Даг тоосунун этегин бойлоп кеткен терең жарака, 1966-ж. Ташкенттеги титирөө Түш. Каржан тоо жаракасына, 2008-ж. Чоң Алайдагы солкулдоо да терең жарака м-н тыгыз байланышта болгон.
Титирөө жер бетинин бардык бөлүгүндө боло бербейт. Жердин солкулдашы жер кыртышынын геол. түзүлүшүнө көз каранды. Жер кыртышы эки түрдүү түзүлүштөн турат. Анын бири геосинклиналдуу аймак деп аталып, дайыма кыймыл-аракетте болот. Жер титирейт, жанартоолор атылат. Тоолор пайда болот. Буга Тынч океандын жээктери (Аляска ж. а., Алеут а-дары, Кордильер м-н Анд тоолору, Камчатка ж. а., Курил, Япон, Филиппин, Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландия, Индонезия а-дары), Жер Ортолук деңизинен Гималай тоосуна чейинки аралык (Аппенин, Балкан, Альпы, Карпат, Крым, Кавказ, Копет-Даг, Памир, Гималай, Теңир-Тоо тоолору) Индстандын түндүгү, Кытай ж-а Атлантика океанындагы аралдар кирет. Демек, тоолуу аймактар геосинклиналдуу түзүлүштөн турат. Экинчиси платформалуу аймак болуп эсептелет. Буга кыймыл-аракетин токтоткон кенен түздүктөр, ойдуңдар мисал болот (Орто Орус дөңсөөсү,
Батыш Сибирь, Туран ойдуңдары ж. б.). Платформалуу аймакта жер титиребейт, жанартоолор кездешпейт. Тоо пайда болуу процесси жүрбөйт, тынч. Борб. Азия, а. и. Кырг-н геосинклиналдуу түзүлүштөн турат. Ошол себептен күчтүү жер титирөөлөр байкалат. Кырг-ндын аймагында жыл сайын миңден ашык жер титирейт. Көпчүлүгү алсыз болгондуктан, бизге сезилбейт. Күчтүү титирөөлөргө 1911-ж. Кеминде, 1970-ж. Сары-Камышта (Ысык-Көлдө), 1992-ж. Суусамыр тоосунда (Токтогул р-ну), 2008-ж. Чоң Алайда (Нура айылы) болгон титирөөлөр мисал болот.
Кийинки кездерде АКШ, Япония, Кытай сейсмологдору Ж. т-нү алдын-ала аныктоого жетишти. Алар магнит талаасынын дүүлүгүшүн, электр-магниттик толкундардын чыңалышын, радиоактивдүүлүктү, жер астындагы ж-а булак сууларынын курамы м-н режиминин өзгөрүшүн, атм. кубулуштарды, жер кыртышындагы жаракалардан көтөрүлүп чыккан газдарды, жаныбарлардын кулк-мүнөзүн, тоотектеринин физ. касиеттерин изилдеп, кайсы жерде, качан, кандай күчтө болорун аныктай башташты. 1974-ж. Кытайда (Хайченг аймагы) болгон Ж. т-нү жерг. элге күн мурунтан эскертишкен. Эл талаага чыгып, аман калган. Шаардын 90%и талкаланган 1976-, 1978-, 1980-ж. Кытай, Италия, Иранда боло турган күчтүү титирөөлөрдү күн мурунтан билишкен. Кыргыз, тажик сейсмологдору да зор ийгиликтерге жетишти. 1970-ж. Сары-Камыштагы титирөөдө Жети-Өгүз курортундагы суунун темп-расы көтөрүлгөн. Жер астындагы суулардын режими бузулган. Ошого карап, сейсмологдор титирөө үч күндөн кийин башталат деп элге эскерткен. 1978-ж. Чоң Алай
өрөөнү м-н Тажикстандын Гарм аймагында болуучу титирөөнү элге 6 саат мурун кабарлашкан. 1978-ж. Фергана өрөөнүндө 1-сентябрь күнү жер титирейт деп эскертилген. 2-сентябрга караган түнү Алай тоолорунда жүргөн.
Ж. т-дөн эл чарбасы көптөгөн зыяндарга дуушар болот. Турак-жайлар, ө. ж. ж-а гидротех. курулуштар, завод-фабрикалар кыйроого учурайт. Өлүм-житим күтүлөт. Ушуга байланыштуу Ж. т. себептерин изилдеп, титирөөнүн кээ бир зыяндуу жактарын болтурбай коюуга аракет жасалат. Ал үчүн Ж. т-гө туруктуу курулуштарды курууга туура келет. Курулуш материалдары талданып, өзгөчө конструкциядагы имараттар курулат. Аймактын сейсмдик кар-

тасы түзүлөт. Кандай күчтө Ж. т-лөр күтүлөрү ж-дө маалыматтар берилет.
Ад.: Джанузаков К. Землетрясения Киргизии и сейсмическое районирование её территории. Ф., 1964; Розова Е. А. Сейсмичность Киргизии. М., 1967; Ильясов Б. Жер титирөө жөнүндө баян. Ф., 1970; Одяков О. А. Землетрясение // Знание. М., 1988; Иманалиев Ч. Жер титирөө. Б., 1999. Джанузаков К. Д., М. Омуралиев и др. Сильные землетрясения Тянь- Шаня. Б., Илим. 2003. Ч. Иманалиев.