ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ СТАНЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ СТА́НЦИЯ – жердин жасалма жандоочуларынын ж-а космос кемесинин учуусун жерден байкап ж-а башкарып туруучу курулма. Эң жөнөкөй Ж. ү. с. – телеберүү сигналдарын кабыл алган спутник антеннасы. Бул антенна космос аппараттарын башкаруу үчүн радиосигналдарды жиберет ж-а кабыл алат. Алынган кабарды компьютерлер иштеп чыгат. Спутник же кеме геотуруктуу орбитада (мында спутник жер бетинин бир эле чекитинин үстүндө жайгашат) турбаган учурда, космостук аппараттар м-н туруктуу байланышты камсыз кылуу үчүн бир нече Ж. ү. с-ны орнотуу зарыл. Россия м-н Кытайда Ж. ү. с. катары кемелер пайдаланылат. Иштеп жаткан аппараттарды байкоо алардын радиосигналдары аркылуу ишке ашырылат. Кыймылсыз спутниктер м-н космостук таштандылар оптикалык ж-а радиолокациялык түзүлүштөр (радар) аркылуу көзөмөлдөнөт.