ЖЕТИКАШКАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИКАШКАЕВА Нуркамал (1918, Чүй обл, Сокулук р-ну, Жыламыш айылы – 9. 9. 1952, Фрунзе) – кыргыз кыз-келиндеринен чыккан туңгуч профессионал акын. Жумушчулар ф-тин (1933), Москвадагы А. В. Лу­начарский атн. театр ин-тун (1936–41) бүтүргөн. Кыргыз драма театрында артист, СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Тил, ад-т ж-а тарых ин-тунда ил. Кы

змат­кер, Респ. эл чыг-лык үйүнүн директору болуп иштеген. Ырлары 1937-жылдан жа­рыялана баштаган. «Жан­ган жалын» (1949) деген поэ­манын, «Жаңырган өлкө» (1951) ыр жыйнагы­нын автору. Анын чыг-лыгынын негизги тема­сы – эл-жерин сүйүү, дыйкандардын, кыргыз ин­теллигенттеринин турмушу. Улуу Ата Мекен­дик согуш убагында патриоттук маанайдагы ыр­ларды жазган. Ж-нын балдарга арналган да ыр­лары бар. Анын «Мен Октябрдын кызымын» ыр жыйнагы (1958) орус тилине которулган. Ж. 1946-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө болгон. «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Ме­кендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн» медалы м-н сыйланган. Ж-нын туулуп өскөн айлында үй-музейи иштейт.