ЖЕТИМ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИМ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Чоң Нарын ж-а Кичи Нарын сууларынын аралыгында жайгашкан. Жаман-Эчки өрөөнүнөн Кичи Нарын капчыгайына чейин кеңдик багытта созулуп жатат. Уз. 120 км, туурасы 24 км. Орт. бийикт. 4280 м, эң бийик жери 4931 м. Ж. к. т. Ортоңку Теңир-Тоого кирүүчү Чоң Нарын антиклинорийинин батыш капталында өзүнчө мегантиклиналды түзөт. Тоонун батышы ордовикдевондун бозомтук жашыл кумдук, катмарлуу сланец, конгломерат, ортоңку бөлүгү протерозойдун кристаллдык акиташ теги, сланец, кумдук, порфирит, диабаз, туф, чыгышы мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ, графиттүү филлит ж. б. тектерден түзүлгөн. Айрым жерлеринде палеозойдун башталышы м-н ортосунда пайда болгон чөкмө тоо тектердин катмарлары, түн. капталында палеоген-неогендин, өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрү жатат. Ж. к. т-нун аймагында темир (Жетим-Тоо кени), марганец (Арчалы кени, Жакболот кени), ванадий, молибден, вольфрам ж-а курулуш материал кендери бар. Нарын жак күнгөй бети тик, кээде аскалуу, чыгыш бөлүгүндө мөңгүлөр жатат (жалпы аянты 120 км2, тоо ээлеген аймактын 11%и). Алар негизинен түн. (тескей) бетте, каптал өрөөндөрүнүн башында, айрымдарынын уз. 5–6 км. Ж. к. т-нун ландшафты ар түрдүү.

Терең, кооз капчыгайларда (Жакболот, Ат-Жайлоо, Талды-Суу, Молдо-Башы, Күрмөнтү ж. б.) карагай, тулаң чөптүү шалбаа өсөт. Карагайлуу
чер токой айрыкча Чоң Нарынга караган бетинде Кең-Саз, Жакболот капчыгайларынын бир кыйла жерин ээлейт. Күнөстүү беттерге бетеге, шыбак өсүп, дүйүм чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Тоонун тескей капталдарында өлөң чөптүү, төө куйрук аралаш өскөн субальп шалбаасы, жогору жагында альп шалбаасы, 3800–3900 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат. Жайыт.