ЖЕТИ-СУУ ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИ-СУУ ТҮЗДҮГҮ , Ж у ң г а р и я – Алтай м-н Чыгыш Теңир-Тоонун аралыгында жайгаш­кан ойдуң. Кытайдын түн.-батышында. Түн­дүгүнөн Моңгол Алтайы м-н чектешет. Аянты 700 миң км2дей, басымдуу бийикт. 600–800 м. Таманын борпоң тектердин калың катмары жаап жатат. Кум массивдүү шор баскан жерле­ри бар чөл ээлейт. Айрым токол тоолор, майда дөбөлөр, тоо этектеринде таштак шилендилер кездешет. Климаты мелүүн континенттик, жайы ысык, кургакчыл, кышы кургак суук, абанын темп-расы сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Январдын орт. темп-расы –20°С …–25°С, июлду­ку 20–25°С. Жылдык жаан-чачыны 150–200 мм, тоолордо 800 ммге чейин. Дарыялары сейрек, ирилери: Манас, Урунгу, түндүгүндө Иртыштын башаты; көптөгөн кургак нуктар нөшөрлөгөн жамгырдан кийин гана сууга толот. Ири көл­дөрү: Эби-Нур, Манас, Улюнтур ж. б. Сейрек өскөн ксерофит өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак, баялыш, тамариск) басымдуу. Малга жайыт, тоо этектеринде оазистер кездешет. Нефтинин ири кени (Карамай ж. б.) бар.