ЖИБЕКЧИЛИК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖИБЕКЧИЛИК – а. ч-нын жибек куртун өстүрүүчү тармагы. Мында пилла алуу максатында бакма (тыт жибек курту) ж-а жапайы жибек курту багылат. Жибек куртунун бирденбир азыгы тыт жалбырагы болгондуктан, жибек куртун асыроо тыт дарагын өстүрүү м-н айкалыштырылат. Табигый нукура жибек алуу үчүн тыт жибек курту Кытайда мындан 5 миң жыл мурда эле өстүрүлгөн. КМШ аймагында О. Азия м-н Закавказьеде 5–7-к-да пайда болгон. Ж-тин өндүрүштүк процесстери – тыт өстүрүү, грена чыгаруу, жибек куртун тоюттандыруу, пилланы алгачкы иштетүү (пилланын ичиндеги курт куурчакчасын өлтүрүү, пилланы кургатуу). Жибек куртунун породасын жакшыртуу, көбөйтүү иштерин Ж. ИИИ ж-а асыл тукумдаштыруу станциялары жүргүзөт. Чет мамлекеттерден Ж. Япония, Кытай, Индия, о. эле Корея, Түркия, Бразилия ж. б. бир катар өлкөлөрдө дурус жолго коюлган.
Ад.: Миляев А. П. Справочник по шелководству. М., 1960; Хафизов Н. Р. Шелководство Средней Азии (развитие и экономика). Таш, 1963; Учебная книга шелковода. М., 1981.