ЖИВОПИСТҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖИВОПИСТҮҮЛҮК (көркөмдүүлүк) – реалисттик көркөм иск-водо биринчи кезекте станок-
тук живописке мүнөздүү болгон буюмдар дүйнөсүнүн объективдүү сапаттарын чагылдырган көркөм аткаруунун кээ бир өзгөчө белгилери (касиеттери). Курчап турган чөйрөнүн көзгө көрүнгөн көрүнүштөрү эч качан селейип катып калган формалардын жыйындысы боло албайт, себеби алар жашоонун, кыймылдын, материалдык дүйнөнүн өзгөрүп турушун анын сырткы көрүнүшү аркылуу билдиришет. Табиятта ж-а көркөм иск-водо көз м-н көрүп турган түс ж-а жарык айкалышынын чыныгы ийкемдүү (кыймылдуу) динамикасын, контрасттардын молдугун, бир түстөн экинчи түскө өтүүдөгү жумшактыкты көркөмдүү деп атаса болот. Улуу реалист-сүрөтчүлөр Рембрандт, Веласкес, В. И. Суриков, И. Е. Репиндин чыгармаларында Ж. табигый нерсени, жашоонун бардык жактарын
чагылдырууда эң кубаттуу көркөм каражат катары пайдаланылган. Реалисттик практикада ал өзгөрүүсүз касиет катары каралбайт, себеби анын мүнөзү ж-а «ченеми» кашкайган чындыктын талаптары м-н шартталган. Ж-тү көрсөтүүнү башкы максат кылып алган жерде ал бара-бара бир нерсени сырт көрүнүшүнөн кабыл алууга шарт түзөт ж-а формалисттик жасалмалуулукка айланат. «Ж.» термини графикада, скульптурада, жасалга-колдонмо өнөрүндө алардын ар биринин милдеттерин, мүнөзүн ж-а сүрөттөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу м-н пайдаланылат.