ЖИП ИЙРҮҮЧҮ МАШИНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖИП ИЙРҮҮЧҮ МАШИ́НА – алдын ала созу­луп даярдалган буладан (бош чыйратылган жоон шоонадан) жип даярдоочу механизм. 16- к-да ийи кке бекитил ген т уткалу у сак сон дөңгөлөгү пайда болгон. Ийрилген жип чыгы­рыкка түрүлгөн. Алгач саксон дөңгөлөгү кол м-н, кийин суу же шамал м-н кыймылга кел­ген. 760-ж. англ. ойлоп тапкыч Р. Аркрайт жип ийрүүчү ж-а созуучу жабдуу жасаган. 1767-ж. англ. инженер Ж. Харгривс көп ийиктүү, ал эми 20-к-да анын ордуна шакектүү Ж. и. м. ойлоп тапкан. Ал ийрүүчү түйүндөн ж-а дайыма ай­ланып туруучу тик ийиктен турат. Ж. и. м. үч технол. процессти аткарат: шоона ичкертилет, чыйратылат ж-а түрүүчү механизм жипти кагаз патронго же чыгырыкка түрөт. Машина үзгүл­түксүз ж-а мезгилдүү иштөөчү болуп бөлүнөт. Ү з­г ү л т ү к с ү з иштөөчү машина созуу, чыйратуу ж. б. иштерди бир мезгилде аткарат. М е з г и л­д ү ү иштөөчү созуу м-н чыйратууну мезгили м-н түрүүгө алмаштырып иштейт. Иштелүүчү бу­ланын түрүнө жараша кебез, зыгыр буласын, жүндү тарап ж-а жибек калдыктарын ийрүүчү болуп бөлүнөт. Ар бир машинада 200дөн 500гө чейин ийик орнотулат. Ийиктер тегерек, мүйүз сымал, калпак ж-а центрифуга түрүндө жаса­лат. Азыркы учурда негизги ийрүүчү түйүнү ча­кан центрифуга болгон пневмомех. Ж. и. м-лар­дын бардык түрлөрү микропроцессордук башка­руу, сырьё берүү, жиптин үзүлгөн жерин байлап ж-а улап коюу, о. эле даяр ийрилген түрмөктү алуу үчүн автоматтык система м-н жабдылган. Мындай Ж. и. м-сы жасалма жип алууда да пайдаланылат.