ЖИРАРДО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖИРАРДО Анни (25. 10. 1931-ж. т., Париж) – фр. актриса. 1954-ж. Париж консерватория­сын бүтүргөн. «Комеди Франсез» ж. б. театр­ларда иштеген. 1956-жылдан кинодо. Ж. чыг­лыгында белгилүү ролдордун бири – «Рокко жана анын бир туугандары» (реж. Л. Вискон­ти, 1960) фильминен Надянын ролу болгон. «Манхэттендеги үч бөлмө» (1965, Венеция ЭКФ сыйл.), «Сүйүүдөн каза табуу» (1971), «Отсуз түтүн чыкпайт» (1973) ж. б. фильмдерде сый­мыктуу ж-а күчтүү, чечкиндүү, өз тагдырын өзү чечкен аялдардын образын түзгөн. «Кара далы кыз» (1972, Батыш Берлин ЭКФ сыйл.), «Сан­тьягодогу жаан» (1975, Франция – БЭР), «Шек­тенүү» (1974, Италия) ж. б. фильмдерде көрү­нүктүү ролдорду ойногон. «Реванш», «Доктор Франсуаза Гайан» (1981), «Пианистка» (2001) ж. б. фильмдерге тартылган.