ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ НЕРВ ИШИ – адам м-н жаныбардын борб. нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн иши. И. П. Павлов: «Жогорку нерв иши бүтүндөй организмдин тышкы чөйрөгө нормалдуу татаал катышын камсыз кылат», – деген. Ал организм бөлүктөрүнүн өз ара катышын баш-
каруу жагынан борб. нерв системасынан айырмаланат. Ж. н. и. ж-дө окууну түзүүдө Павловго жол көрсөткөн И. М. Сеченов болгон. Ал
«Мээнин рефлекстери» (1863) деген эмгегинде психикалык иш рефлекстеринин табиятына байланыштуу экенин бекемдеген. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда Ж. н. и-нин негизи борб. нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнөн иштелип
чыккан шарттуу ж-а шартсыз рефлекс болуп эсептелет. Мында чоң мээнин кыртыш ж-а кыртыш алдындагы бөлүктөрү тыгыз байланышта ж-а өз ара аракетте болуп, баары чогуу иштешет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланышы ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болушу ж-а жоголушу м-н жүзөгө ашат. Айбанат дүйнөсүнүн тарыхый өсүү процессинде Ж. н. и-ндеги шарттуу ж-а шартсыз рефлекстин мааниси бир аз өзгөрөт. Омурткасыз ж-а жөнөкөй омурткалуу жаныбарлардын жүрүм-турумунда нерв ишинин кийин пайда болгон түрүнө караганда тубаса түр үстөмдүк кылат, ал эми жаныбарлардын эволюция процессинде акырындык м-н Ж. н. и-нде кийин пайда болгон форма басымдуулук кыла баштайт. Булар барган сайын
өзгөрүп, шарттуу рефлекстик иш жалпысынан тышкы чөйрөгө ыңгайлануунун активдүү каражатына айланат. Павловдун пикири б-ча татаал түзүлүштүү жаныбарлардын (ит, маймыл) Ж. н. и. адам ж-а жаныбарларга тең орток биринчи сигналдык системанын шарттуу рефлекстеринин жыйындысына алып келет. Эмгектин социалдык түрлөрүнүн өсүшүнө байланыштуу адамга гана тиешелүү экинчи кабар түйүнү пайда болот. Ж. н. и-нде экинчи сигналдык система биринчиси м-н тыгыз байланыштуу болуп, адамдын жалпылоо, ойлоо жөндөмүнө негиз түзөт. Ж. н. и. ж-дөгү окуунун теор. ж-а практикалык мааниси чоң.
Ад.: Павлов И. П. Полн. собр. тр. Т. З. М.; Л., 1949; Анохин П. К. Биология и нейрофизиология условного рефлекса. М., 1968.